Парламенттеги "Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев президент Алмазбек Атамбаевдин жердештери трайбализмге жол берип жатат деген пикирин билдирди. Ал Кой-Таш айылынын тургундарынын президентти жактаган акциясы жана билдирүүлөрүн өлкөнү бөлүп-жаруу аракети катары баалады. Ошондой эле мамлекет башчы соңку кезде чектен чыккан билдирүүлөрдү жасап жатканын, өлкөдөн куулган мурдагы президенттер Аскар Акаев дагы, Курманбек Бакиев дагы эгемендик майрамында оппоненттерин каралоого барбаганын кошумчалады. Мындан тышкары президенттик аппараттын жетекчиси Фарид Ниязовдун Кой-Таштагы жер боюнча аукцион өттү деген билдирүүсү жалган экенин, ал сынактын мыйзамдуулугу текшерилиши керектигин белгиледи.
Бүгүн Аламүдүн районунун Кой-Таш айылынын бир канча тургундары Бишкектеги Ак үйдүн алдына келишкен. Депутат Өмүрбек Текебаев менен жолугушуп, президенттин үйү тууралуу маалымат айткандардын аты-жөнүн ачык айтууну жана өздөрү жашаган аймакта болуп жаткан окуяларга киришпөөнү талап кылышкан. Алар Атамбаевдин үйү тууралуу маалыматты Текебаевдин жергиликтүү жашоочуларга таянуу менен айтканын четке кагышкан.
Өмүрбек Текебаев өткөн аптада президент Алмазбек Атамбаевди Кой-Таштагы “Дастан” заводуна караштуу жерди басып алып, үй курду деп айыптап чыккан. 2008-жылы Бакиевдер мыйзамсыз менчиктештирген бул жер тилкесин былтыр Бишкектин азыркы мэри Албек Ибраимов алгач өзүнүн аялына, андан соң Атамбаевге каттатканын жарыялаган.
Мындан кийин президент Алмазбек Атамбаев июнь коогасын уюштурган деген айып менен сыртынан өмүр бою эркинен ажыратылган, алты жылдан бери издөөдө жүргөн Кадыржан Батыровдун чет өлкөгө качуусун жана буга Убактылуу өкмөттүн айрым мүчөлөрүнүн тиешеси бар-жогун аныктап чыгуу үчүн мекемелер аралык топ түзүүнү Башкы прокуратурага тапшырган болчу. (NT)