АКШнын Нью-Жерси штатындагы темир жол вокзалында акыр-чикир арасында табылган шектүү буюм робот аны зыянсыздандырууга аракеттенгенде жарылып кетти.
Элизабет шаарынын мэри Кристиан Болвэйж жардыргыч заттар боюнча адистер баштыкка салынган беш жабдыкты текшерип жатканда бирөө жарылганын билдирди. Жарадар болгондор жөнүндө маалымат азырынча жок.
Ишемби күнү болсо Нью-Йоркто болгон жардырууда 29 киши жараат алган эле. Ошол эле күнү Нью-Жерсиде чакан бомба жарылып, аскерлердин соопчулук иш чарасы башка күнгө которулду. Расмий өкүлдөр ал кол салууларды эл аралык террордук уюмдар менен байланыштырган далилдер азырынча жок дешүүдө.