Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Май, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 20:08

20-сентябрдын аба ырайы

Кырчын жайлоосу
Кырчын жайлоосу

Кыргызгидрометерология агенттиги билдиргендей, 20-сентябрда өлкө аймагында түнкүсүн жаан-чачын болбойт, күндүз тоолуу райондордо жаан жаап, күн күркүрөйт. Бийик тоолуу аймактарга кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 12...17, күндүз 26...31;

Таласта түнкүсүн 7...12, күндүз 25...30;

Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 13...18, күндүз 28...33;

Баткенде түнкүсүн 13...18, күндүз 29...34;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 8...13, күндүз 20...25;

Нарында түнкүсүн 3...8, күндүз 23...28 градуска чейин көтөрүлөт.

Бишкекте 20-сентябрда жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 14...16 градус, күндүз 29...31 градус жогору болот.

XS
SM
MD
LG