Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:52

Орусиядагы шайлоодо "Бирдиктүү Орусия" партиясы алдыда


Орусияда бюллетендердин 90 проценти саналып бүткөн маалда чыккан маалыматтар боюнча башкаруудагы “Бирдиктүү Орусия” партиясы парламенттин төмөнкү палатасында конституциялык көпчүлүккө ээ болууга жакындады. Борбордук Шайлоо комиссиясы жарыялаган алдын ала маалыматтарга ылайык, партия тизмелер боюнча добуштардын 54,21 процентин жеңди.

Президент Владимир Путин колдогон партиянын талапкерлери ошондой эле бир мандаттуу чөлкөмдөрдө да алдыда баратат. Мамлекеттик думага өтүү үчүн белгиленген беш проценттик чектен ошондой эле Кремлге лоялдуу коммунисттер, Либерал демократтар жана "Адилеттүү Орусия" партиялары өтүүдө. Бирок жекшемби күнкү добуш берүүгө эл өтө аз катышты.

2011-жылы добуш берүүчүлөрдүн 60 проценти өз тандоосун билдирсе, бул ирет 47,5 проценти гана келди. Оппозициядагы партиялар болсо көптөгөн мыйзам бузуулар катталганын белгилешүүдө.

XS
SM
MD
LG