Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:07

Азия чемпиондугунда (U-16) кыргызстандыктар жапондуктардан утулду


Индиянын Гоа штатында өтүп жаткан футбол боюнча 16 жашка чейинкилердин Азия чемпиондугунда (U-16) Кыргызстан курамасы Жапония командасы менен беттешип 0:8 эсебинде утулду. Бул тууралуу Азиянын футбол конфедерациясынын расмий сайты кабарлады.

Бүгүн, 19-сентябрда болгон оюндун 34-мүнөтүндө алгачкы эсепти ачышып, биринчи тайм аяктаганча дагы эки топту атаандаштарынын дарбазасына таамай узатышкан. Жапон футболчулары беттештин экинчи бөлүгүндө жоопсуз беш голду кыргыз тараптын дарбазасына киргизип, артыкчылыгын бекемдешти.

Оюндан кийин кыргыз курамасынын башкы машыктыруучусу Самат Сүймалиев:

- Алгачкы 20 мүнөттө атаандаштардын дарбазасына үч жолу чабуул жасаганбыз. Бирок футболдо бардык аракет натыйжалуу боло бербейт. Атаандаштар биз кетирген бир катадан пайдаланып үч гол киргизип кетишти. Биринчи тыныгуудан кийин кырдаалды өзгөртүүгө кылган аракетибизден натыйжа чыккан жок,- деген пикирин айтты.

16 жашка чейинки улуттук курамалар арасында өткөрүлгөн Азия чемпиондугунда Кыргызстандын командасы Австралия, Вьетнам жана Жапония курамалары менен В тайпасында ойноп жатат. Алгачкы беттешинде кыргыз футболчулары австралиялык атаандаштарын 1:0 эсебинде утуп алышкан. Жапониялыктар буга чейин Вьетнам курамасын 7:0 эсебинде жеңип алган. Алдыда 22-сентябрда Кыргызстандын командасы менен Вьетнам курамасы беттешет. Оюн Бишкек убактысы боюнча 16:30да башталат.

Оюн төрт тайпада өтүүдө:

А: Индия, Иран, Сауд Арабия жана Бириккен Араб Эмирлиги.

В: Австралия, Вьетнам, Жапония жана Кыргызстан.

С: Түштүк Корея, Малайзия, Оман жана Ирак.

D: Түндүк Корея, Өзбекстан, Тайланд жана Йемен.

15-сентябрда башталган оюндар 2-октябрга чейин уланат. Эң мыкты төрт команда 2017-жылы Индияда өтө турган Дүйнө чемпиондугуна жолдомо алышат. (ECh).

XS
SM
MD
LG