Орусиянын Коргоо министрлиги козголоңчулардын чабуулуна туш болуп жаткан шартта Сириянын өкмөттүк күчтөрү үчүн ок атышпоону сактоо маанисиз деген оюн билдирди. Министрликтин өкүлү генерал-лейтенант Сергей Рудсков маалымдагандай, 24 сааттык мониторинг маалында Сириядагы жарашуу 53 жолу бузулганы катталган. Байистүү оппозициялык топтор “террордук уюшмалар” менен биригүүдө жана чогуу чабуулдарды даярдап жатышат деген маалыматтар бар, - деп кошумчалады министрлик. Орусия жана АКШнын арачылыгы менен түзүлгөн ок атышпоо келишими 12-сентябрда күчүнө кирген. Бирок анын шарттары бир нече ирет бузулуп, Алеппо шаарына гуманитардык жардам жеткирүү мүмкүн болбой калгандан кийин макулдашуу үзгүлтүккө учурайт деген кооптонуулар күчөдү.