Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:29

Чет жактарда 745 миң чамалуу кыргызстандык иштейт


Кыргыз мигранттары.
Кыргыз мигранттары.

Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады. Ага ылайык, быйылкы жарым жылда Орусияда жүргөн кыргызстандыктардын саны 574 843. Министрлик 1992-жылдан бери 525 миң кыргызстандык Орусиянын жарандыгын алганын кошумчалайт.

19-сентябрда парламенттин профилдүү комитети миграция маселесин талкуулап жаткан кезде ТИМдин орун басары Азамат Үсөнов четте 1 млн ашуун кыргызстандыктар иштеп жүргөнүн, алардын ичинде 300 миң чамалуусу Москва облусунда экенин билдирген.

Ал эми Мамлекеттик статистика комитетинин маалыматы боюнча, мекенден чет жакта иштеп жүргөн кыргызстандыктардын саны 130 миңден 200 миңге чейин.(ZKo)

XS
SM
MD
LG