Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:22

Украинада Орусиянын пайдасына тыңчылык кылган өзбек жараны кармалды


Украина.
Украина.

Украинанын Мамлекеттик чек ара кызматы кабарлагандай, Харьков облусунун чек арасында тыңчылыкка шектелип Өзбекстандын 25 жаштагы жараны кармалган. Кабарларга ылайык, ал видеокамеранын жардамы менен орусиялык атайын кызматтарга маалымат чогултуп жүргөн.

“Плетеневка” өткөрүү бекетинен колго түшкөн шектүү Украинада жүрүү себептерин тактоо үчүн кошумча текшерүүгө жөнөтүлгөн. Анын көйнөгүнүн топчуларынын ордунан жашыруун камера табылган. Чөнтөгүнөн үн жазуучу жабдык табылган.

Кармалган жаранды Украинанын коопсуздук кызматы тергөөдө.

XS
SM
MD
LG