Президент Алмазбек Атамбаев кыска мөөнөткө эмгек өргүүгө чыкты. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалыматтык-саясат бөлүмү кабарлады.
Кабарга караганда, өлкө башчы медициналык кароодон өтүү зарылдыгына байланыштуу 20-сентябрдан тарта эс алууга чыкты. Анын өргүүсү 1-октябрга чейин уланышы мүмкүн. (NT)