Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:10

Грекиядагы качкындар лагеринде өрт чыкты


Грекиянын Лесбос аралындагы качкындар лагеринде чыккан өрттөн үч-төрт миңдей мигрант коопсуз жайга качууга аргасыз болду.

Полиция лагерге өрт атайылап коюлган-коюлбаганын иликтеп жатат.

Азыр Грекияда 60 миңдей качкын жана мигрант бар. Алардын көбү Европа Биримдигиндеги башка өлкөлөргө өтүүнү көздөшөт.

Укук коргоочулар Грекиядагы качкындар лагерлеринде абал начардыгын жана орун жетишсиздигин кабарлап келишет. (KKs)

XS
SM
MD
LG