Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Сентябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 19:36

БУУ Сирияга гуманитардык жардамын убактылуу токтотту


Чабуулга кабылган жардам унаасы.
Чабуулга кабылган жардам унаасы.

Бириккен Улуттар уюму Сирияга жөнөтүлгөн бардык гуманитардык жардам кербенин токтотту. Буга Алеппонун жанында жардам жүктөлгөн унааларга абадан сокку урулганы себеп болду.

Уюмдун гуманитардык жардам боюнча өкүлү Женс Лаэрке бул убактылуу чечим экенин, ага чейин аймактын коопсуздугу текшерилип чыгарын бүгүн билдирди.

АКШнын өкмөтү кеминде 12 адамдын өмүрүн алган кечээки аба чабуулун айыптап чыккан. Гуманитардык жардам кербенин бутага алган учак кайсы тарапка таандык экени азырынча белгисиз.

Бул окуя Сириянын армиясы АКШ жана Орусиянын арачылыгы менен жетишилген ок атышпоо келишими бүткөнүн жарыялагандан кийин орун алды. (KKs)

XS
SM
MD
LG