Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 14:41

Талас: бокс боюнча өспүрүмдөрдүн эл аралык турнири өтүүдө


Талас шаарында өспүрүмдөр арасында бокс боюнча бешинчи эл аралык турнир бүгүн башталды. Ага Тажикстан, Казакстан жана Кыргызстандын бардык аймактарынан келген жаш мушкерлер күч сынашып жатат. Мелдеш Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу, 2-3-даражадагы "Даңк" орденинин ээси Молдалы Мураталиевдин жаркын элесине арналып жыл сайын уюштурулуп келет. Анда республиканын, облустун белгилүү спорт чеберлери калыстык кылышат. (SS)

XS
SM
MD
LG