Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:03

Парламент комитети Референдум жөнүндөгү мыйзам долбоорун экинчи окууда жактырды


Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана регламент боюнча комитети бүгүн Референдум жөнүндөгү мыйзам долбоорун талкуулап, экинчи окууда жактырды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди. Комитет мүчөсү, депутат Иса Өмүркуловдун "Азаттык" радиосуна билдиришинче, эми документ 21-22-сентябрдагы жалпы отурумда эл өкүлдөрүнүн сынына коюлат. Документ алтынчы чакырылыш жайкы эс алууга тараганга чейин биринчи окуудан өткөн.

Комитетте бул маселени талкуулоо учурунда талаш-тартыш чыгып, демилгечилер ага катышуудан баш тартышты. "Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев мыйзам долбоору шашылыш жана регламентти бузуу менен кабыл алынганын билдирип, аны бир жумадан кийин талкуулоону сунуштаган. Бирок ал колдоо таппай, мыйзам долбоордун авторлору Өмүрбек Текебаев, Алмамбет Шыкмаматов, Тынчтык Шайназаров жана Бакыт Төрөбаев отурумдан чыгып кетишти. Ага карабай көпчүлүк добуш менен документти жалпы жыйынга алып чыгуу чечими кабыл алынды.

Референдум жөнүндөгү мыйзам долбоорунда жалпы элдик добуш берүү өткөрүүнүн эрежелери жазылган. (NT)

XS
SM
MD
LG