Бириккен Улуттар Уюмунун Баш катчысы Пан Ги Мун Башкы Ассамблеянын 71-жалпы жыйынын ачып жатып, Сириядагы кармашты токтотууга чакырды.
Ал Баш катчы катары ассамблеядагы акыркы кайрылуусунда Сириянын өкмөтүн беш жылга созулган согушта жөн-жай тургундардын көбүн өлтүрдү деп айыптады.
“Согуштук машинаны азыктандырган кудуреттүү жетекчилердин колунда элдин каны бар”, - деди Пан Ги Мун.
БУУнун Нью-Йорктогу жыйынына 130дан ашык мамлекеттин башчылары жана ондогон министрлер катышууда. Кыргыз президенти Алмазбек Атамбаев бул жыйынга катышуу үчүн Нью-Йоркко бараткан жолдо өзүн начар сезип, Түркияда калган. Президенттин аппараты Атамбаевдин абалы дурус экенин билдирди. (KKs)