Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:46

Соңку бир аптада кыргыз-өзбек чек арасында 23 аймак текшерилди


Үңкүр-Тоо.
Үңкүр-Тоо.

14-сентябрдан 20-сентябрга чейин Кыргызстан менен Өзбекстан ортосундагы чек арада 23 аймак атайын текшерүүдөн өттү. Бул тууралуу кабар тараткан Өзбекстан Тышкы иштер министрлиги анын чоо-жайы тууралуу кошумча маалымат бере элек. Текшерүү иштерин эки өлкөнүн адистери чогуу жүргүзүшкөн.

Ал эми Кыргызстандын Чек ара кызматы текшерүү иштери өкмөттөр аралык чек ара комиссиясы тарабынан жүргүзүлгөнүн “Азаттыкка” кабарлады.

Ташкен эки өлкө ортосунда талаштуу экени айтылып келаткан Үңкүр-Тоодогу телемунара жайгашкан жерге 22-августта күч кызматкерлерин жайгаштыргандан кийин Кыргызстан менен Өзбекстан ортосундагы мамиле чыңалган. 3-сентябрда Дүйнөлүк көчмөндөр оюнун жана КМШ лидерлеринин саммитин себеп кылган кыргыз тарап, кыргыз-өзбек чек арасын жаап салган. Ал эми Өзбекстан тартип сакчыларын 18-сентябрда алып чыгып кетти. 19-сентябрдан тарта кыргыз-өзбек чек арасы мурунку калыбында иштей баштады.(ZKo)

XS
SM
MD
LG