Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциянын мурдагы жетекчиси Назирдин Акылбеков Жогорку cоттун чечими менен кайра кызматына отурду. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттик кабарлады.
Назирдин Акылбеков мурда Олимпиадага даярдоо борбору деп аталып, кийин Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясы болуп өзгөртүлгөн мекемени 2011-жылдан 2014-жылга чейин жетектеген. Ал иштеген эки жарым жылда спортчуларга бөлүнгөн акчаны максатсыз сарптоого жол берген деген негиз менен жумуштан бошотулган. Акылбеков күнөөсүз экенин айтып сотко кайрылган болчу. (ECh)