Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:27

Парламент зордукчуларга жазаны күчөтүү сунушун колдоду


Жогорку Кеӊеште эрезеге жетелек балдарга карата оор жана өзгөчө кылмыштарды жасап, соттолгон адамдарды жазалоону катаалдаштырууга багытталган мыйзам долбоору каралды. Документ аркылуу Кылмыш-жаза, Жазык-аткаруу кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушталууда. Анда балдарга зордук-зомбулук көрсөтүү менен соттолгон адамдарды шарттуу түрдө мөөнөтүнөн бошотпоо чаралары да бар.

Талкуу жүрүшүндө депутаттардын басымдуу бөлүгү балдарды зордуктагандарды катуу жазалоо, химиялык кастрация ыкмасын киргизүү демилгесин көтөрүштү. Жыйынтыгында мыйзам долбоор экинчи добуш берүүгө жиберилди. Парламенттин басма сөз кызматы билдиргендей, балдарга карата жасалган оор жана өзгөчө оор кылмыштар жылдан-жылга көбөйүүдө. Ушу тапта жаза өтөө мекемелеринде мындай кылмыш менен кесилген 153 адам отурат. Алар өзүнчө кармалат. (NT)

XS
SM
MD
LG