Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:34

Тиллаев: атасына сексуалдык запкы көрсөткөн адамды катуу жазалоо керек


Парламенттеги "Республика - Ата Журт" фракциясынан депутат Таабалды Тиллаев атасына сексуалдык кыйноо көрсөтүп жүргөн деген Ысык-Көл облусунун тургунун катуу жазалоону сунуштады. Эл өкүлү бул көрүнүштү айбандык деп сыпаттап, жазаны күчөтүү аркылуу мындай кылмыштарга бөгөт коюу керектигин билдирди.

Ак-Суу районундагы Челпек айылынын 30 жаштагы тургуну мас абалында атасына сексуалдык кыйноо көрсөтүп келгени жакында эле ачыкка чыккан болчу. Милициянын маалыматына таянсак, бул кылмышты жакындары билип калышып, быйыл августта арыз менен кайрылышкан. Натыйжада кылмышка шектүү Каракол шаардык тергөө абагына камалган. Азыркы учурда кылмышка шектүү көрсөтмө берип, тергөө уланууда.

Жогорку Кеӊеш бүгүн балдарга карата оор жана өзгөчө кылмыштарды жасап, соттолгон адамдарды жазалоону катаалдаштыруу үчүн Кылмыш-жаза, Жазык-аткаруу кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү маселесин карап, тиешелүү мыйзам долбоорун экинчи окууда добуш берүүгө жөнөттү. (NT)

XS
SM
MD
LG