Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:24

Жээнбеков: "Коопсуз шаар" долбоору жүзөгө ашырылат


Кыргызстандын ички иштер министри Кашкар Жунушалиев (солдо) менен премьер-министр Сооронбай Жээнбеков.
Кыргызстандын ички иштер министри Кашкар Жунушалиев (солдо) менен премьер-министр Сооронбай Жээнбеков.

Кыргызстанда "Коопсуз шаар" долбоору акырындап ишке ашырылат, ага жергиликтүү органдардын каражаты жумшалат. Бул тууралуу премьер-министр Сооронбай Жээнбеков бүгүн парламент жыйынында билдирди. Анын айтымында, 2014-жылы өкмөт аталган долбоорду ишке ашыруу чечимин кабыл алган. Былтыр тендерде "Стилсофт Бишкек" компаниясы утуп алган.

-Бирок ИИМдин демилгеси менен тендердин жыйынтыгын жокко чыгаруу боюнча соттук териштирүүлөр башталган. Доо-арыз "Стилсофт" компаниясынан жана башка катышуучулардан түшкөн. Жараяндар азырга чейин аяктай элек, - деди Жээнбеков.

Мындан улам өкмөт "Коопсуз шаар" долбоорун мезгил-мезгили менен жүзөгө ашырууну чечкен. (NT)

XS
SM
MD
LG