Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:13

Талас: "Кызыл китепке" кирген жаныбарлардын саны тактала элек


Бүлгүнчүлөр.
Бүлгүнчүлөр.

Таласта "Кызыл китепке" киргизилген жапайы жаныбарлардын канча түрү калгандыгы боюнча так маалымат жок. Бул тууралуу 20-сентябрда жаратылышты коргоого арналган жыйында айтылды. Маалыматка караганда, сейрек кездешүүчү жаныбарларды эсепке алуу үчүн фотоаппарат, видеокамера жок.

Аймакта жаныбарларга кол салган бүлгүнчүлөр маал-маалы менен кармалып турат. Быйыл 30-августта Кең-Кол чарбасынан эки теке атып бараткан жергиликтүү тургундар кармалып, 110 миң сомго айыпка жыгылган. Таласта мамлекеттик "Кара-Буура" жана "Беш-Таш" коруктары жайгашкан. Аларды илбирс, сүлөөсүн, кирпи, суусар, тоо эчки-теке, аркар-кулжа байырлайт. (AlS)

XS
SM
MD
LG