Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:28

Нью-Йорк менен Нью-Жерсидеги жардырууларга шектелген адамга айып тагылды


Ахмад Хан Рахами
Ахмад Хан Рахами

Нью-Йорк жана Нью-Жерсидеги жардырууларды уюштурууга шектелген Ахмад Хан Рахамиге массалык кыргын салуучу курал колдонуу жана коомдук жайда дүрмөттөлгөн жабдууларды жардыруу деген айып тагылды. Күнөөсү далилденсе, теги ооган АКШ жараны өмүрүнүн аягына чейин абакка кесилиши мүмкүн.

Өткөн ишембиде Нью-Йорктогу Манхэттен чөлкөмүндө болгон жардыруудан 29 киши жеңил жараат алган. Полиция Рахамиге таандык дагы сегиз жардыргыч шаймандарын тапканы маалымдалууда.

Тартип коргоочулар менен атышууда жарадар болуп, ооруканада жаткан Рахами тергөөчүлөр менен сүйлөшүүдөн баш тартууда. Атасы мындан эки жыл мурун аны эл көзүнчө террорчу деп атагыны ФБРдин назарына түшүп, бирок текшерүүдө эч кандай илинчек табылган эмес.

Рахаминин террордук уюмдар менен байланыштары азырынча аныктала элек, бирок жанында табылган күндөлүгүндө жихад, Бостон марафонундагы кол салуу, Усама Бин Ладен тууралуу жазуулар бар болуп чыкты.

XS
SM
MD
LG