Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:21

Керри Сириянын түндүгүндө учууларга тыюу салууну сунуш кылды


Жон Керри БУУнун Коопсуздук кеңешинде
Жон Керри БУУнун Коопсуздук кеңешинде

АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керри Сириянын түндүгүндөгү айрым тилкелерде бардык учактарга учууга тыюу салуу керектигин билдирди. Мындай чара ок атышпоону киргизүү үчүн талап кылынууда, - деди Керри 21-сентябрда БУУнун Коопсуздук кеңешинде сүйлөп жатып. Бул - Сириядагы кан төгүүнү токтотуунун жолу жана жарандык согушкка чекит коюуу, гуманитардык жүктөрдү жеткирүү аракеттерине ишеним жаратат, - деп кошумчалады Америка тышкы мекемесинин жетекчиси. АКШ жана Орусия 9-сентябрда макулдашкан жарашуу келишими үзгүлтүккө учурап, тараптар ал үчүн бири-бирин айыпташууда.

Керри Орусия Сириянын аскерий учактарын күчкө салып кондурттурууга тийиш деп белгиледи. Ал ошондой эле 19-сентябрда БУУ менен Сирия Кызыл жарым ай уюмунун гуманитардык кербенине сокку урулган аймакта орусиялык жана сириялык учактар гана учуп жүргөнүн айтты. Бомбалоодон кеминде 20 бейкүнөө киши мерт кеткен.

Москва болсо дооматтарды четке кагып келатат. Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Коопсуздук кеңешинин жыйынында Орусия жана Сирия “бир тараптуу тыныгууларга” экинчи катышпайт деди. Ок атышпоодон пайдаланып, оппозициялык топтор куралданып, турумдарын бекемдешүүдө, -деп кошумчалады министр.

XS
SM
MD
LG