Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:37

Парламент комитети Батыров боюнча кезексиз жыйынга чогулду


Кадыржан Батыров.
Кадыржан Батыров.

Парламенттин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети бүгүн кезексиз жыйынга чогулуп, издөөдөгү Кадыржан Батыровдук ЕККУ жыйынга сүйлөгөн сөзүн талкуулап жатат. Бүгүнкү жалпы жыйында бир нече депутат Батыровдун айткандарын сындап, ага саясий жана укуктук баа берүүгө эл өкүлдөрүн чакырышты. Спикер Чыныбай Турсунбеков аталган комитетке маселени карап, жалпы жыйынга алып чыгууну сунуштады.

Комитет түшкү тыныгуу учурунда бул маселени кароодо.

Батыров 20-сентябрда Варшавада өткөн ЕККУ жыйынында сөз сүйлөп, Кыргызстандагы Конституцияны өзгөртүү демилгесине каршылыгын, өзүнүн өлкөдөн чыгып кетишине байланыштуу жаңы кылмыш ишинин козголушуна нааразылыгын айткан. Кыргызстанда аз улуттардын укуктары басмырланып жатканын да кошумчалаган.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги анын айткандарын четке кагып, Батыровдун ЕККУ жыйынына катышканына нааразылыгын билдирген болчу. (NT)

XS
SM
MD
LG