Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Февраль, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:09

Сабиров укук коргоочу Исмаилованы "чыккынчы" деп атады


Төлөйкан Исмаилова.
Төлөйкан Исмаилова.

Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин жыйынында "Республика-Ата-Журт" фракциясынан депутат Максат Сабиров укук коргоочу Төлөйкан Исмаилованы "өлкө чыккынчысы" деп атады. Ал Кадыржан Батыровдун сөздөрүн кубаттаган Төлөйкан Исмаилованын аракетин сынга алып, 2010-жылдагы кандуу кооганы уюштурган адамдын бул окуяны кайра "геноцид" деп атаганы акылга сыйбай турганын билдирди. Анын айтымында, Кыргызстанда адам укугуна жамынып алып иштеп жүргөндөр көп.

Июнь коогасын уюштурган деген айып менен сыртынан өмүр бою эркинен ажыратылып, алты жылдан бери издөөдө жүргөн Кадыржан Батыров 22-cентябрда ЕККУнун Варшавадагы жыйынында сөз сүйлөп, Кыргызстандагы Баш мыйзамдын өзгөрүшүнө каршылык билдирип, улуттук азчылык өкүлдөрү кысымга алынып жатканын билдирген. Отурумдан тартылып алынган видеодо Батыровдун жанында кыргызстандык укук коргоочу, “Бир дүйнө Кыргызстан” уюмунун жетекчиси Төлөйкан Исмаилова отуруп, анын айткандарына баш ийкеп отурганы көрсөтүлгөн. (NT)

XS
SM
MD
LG