Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:39

Орусияда Ми-8 тик учагы кырсыкка кабылды


Ми-8 кырсыкка учураган жер, 21-сентябарь, 2016
Ми-8 кырсыкка учураган жер, 21-сентябарь, 2016

Орусияда Коргоо министрлигинин тик учагы кырсыкка кабылып, ичиндеги үч учкуч набыт кетти. Окуя Москвадан анча алыс эмес аймакта болгонун министрлик кабарлады.

Ми-8 тик учагы 21-сентябрда машыгуу учурунда кырсыкка кабылган.

Окуя болгон жерде түнү менен иликтөө иштери жүрүп, учактын ичиндеги үн жазгычтар алынды. Азыркы тапта ал аппараттар Авиация комитетинде экспертизадан өтүүдө.

Ми-8 тик учагы Орусияда жана мурдагы Советтер Союзуна кирген республикаларда аскердик жана жарандык максатта, куткаруу иштеринде колдонулат.

Буга чейин алардын кырсыкка учурашы техникалык абалынын начардыгы жана коопсуздук чараларынын сакталбашы менен байланыштырылып келген. (RK)

XS
SM
MD
LG