Парламенттин бүгүнкү жалпы жыйынында Референдум жөнүндөгү мыйзам долбоору экинчи окууда кабыл алынды. Ага каттоодон өткөн 104 депутаттын 98и "макул", алтоо "каршы" добуш беришти. Буга чейин документ Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана регламент боюнча комитетинде экинчи окуудан өткөн. Мындан мурда алтынчы чакырылыш жайкы эс алууга тараганга чейин биринчи окууда жактырылган.
Аталган мыйзам долбоорунда жалпы элдик добуш берүүнү уюштуруунун эрежелери жазылган. (NT)