Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:36

Грузияда эки саясатчы түз эфирде мушташа кетти


Грузияда эки саясатчы түз эфирдеги теледебат учурунда бири-бири менен мушташа кетти.

Парламенттин депутаттыгына талапкерлер - "Демократиялык кыймылдын" мүчөсү Вепхия Гургенишвили менен "Өндүрүшчүлөрдүн саясий блогунун" өкүлү Полад Халиковдун саясий дебаты кечээ кечинде жергиликтүү телеканалдардын биринде түз эфирде жүрүп жаткан. Орой сөздөр менен кайым айтышып жатып, алар жакалашканга чейин барган. Мушташты студиянын кызматкерлери кийлигишип, токтотууга үлгүргөн.

Парламенттик шайлоо Грузияда 8-октябрда өтөт. (RK)

XS
SM
MD
LG