Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Сентябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:40

Алепподо авиачабуулдардан кеминде он адамдын өмүрү кыйылды


Алеппо
Алеппо

Сириядагы адам укуктарынын сакталышына Британиядан көз салган активисттер Алепподо өткөн түнү бою авиачабуулдар болгонун айтып чыкты. Көп жерлерде өрт тутанып, кеминде 10 адам набыт кеткени кабарланууда. Ал эми доктурлар каза тапкандардын саны 45ке жеткенин билдирди.

Абадан сокку уруу ким тараптан жасалганы азырынча белгисиз, бирок активисттер өкмөттүк күчтөр менен Орусияны айыптоодо.

АКШ менен Орусиянын ортомчулугу менен кабыл алынган тынчтык келишими өткөн апта кармалып, дүйшөмбү күнү кайра бузулду. Алепподо курчоодо жаткан элге гуманитардык жардам алып бараткан Бириккен Улуттар Уюмунун кербенине абадан сокку урулуп, жок кылынган. Он чакты адам набыт кеткен. (RK)

XS
SM
MD
LG