Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:02

АКШда Украинага курал-жарак берүү тууралуу мыйзам долбоору жактырылды


АКШ Конгрессинин Өкүлдөр палатасы Украинага курал-жарактын адамдарды өлтүрүүчү жана коргонуучу системасын берүү тууралуу мыйзам долбоорун бир добуштан колдоду. Мыйзам Донбасстын чыгыш тарабындагы орусиялык жикчилерге каршы күрөшүү максатында иштелип чыккан.

Бул документ Орусия Минскте кабыл алынган тынчтык келишиминин шарттарын толук аткармайынча ага карата санкциялар сактала берилишин кепилдейт.

Украин бийлиги жикчилерге каршы күрөш үчүн жаңы курал-жарак сурап АКШга бир нече жолу кайрылган. Бирок Обаманын администрациясы бул кырдаалды ого бетер курчутушу ыктымал деп баш тартып келген. (RK)

XS
SM
MD
LG