Буга байланыштуу кыргыз өкмөтү Орусиянын жетекчилиги менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат. Бардык тиешелүү органдарга “кара тизмеден” жарандарды чыгарууга байланыштуу маселелерди тез арада чечүү тапшырмасы берилди. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.
Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин маалыматы боюнча, учурда “кара тизмедеги” кыргызстандыктардын саны 118 миңдин тегерегинде. Алардын көпчүлүгү Орусиянын федералдык миграция мыйзамдарын бузганы үчүн "кара тизмеге" киргизилген.(ZKo)