Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:41

Бишкекте адал жарманке болот


23-сентябрдан 25-сентябрга чейин борбор калаадагы Спорт сарайында адал азыктар, аны өндүрүүчү жана тейлөөчүлөрдүн салттуу 6-жарманкеси өтөт. Иш-чаранын алкагында "Бактылуулук формуласы" демилгелүү жаштары да тамак-аш кайрымдуулук жарманкесин өткөрүшөт. Уюмдун координатору Салтанат Бообекованын “Азаттыкка” билдиргени боюнча, кайрымдуулук жарманкесинде сатыктан түшкөн каражат аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө, майыптарга жумшалмакчы.

Жарманкеде адал азыктардын түрлөрү: ысык тамактар, кондитердик азыктар, мөмө-жемиш, суусундуктар жана башка азыктар сатылат.(ZKo)

XS
SM
MD
LG