Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:32

Татар ырчысы мечит алдында ачык кийингени үчүн кечирим сурады


Татар ырчысы Резеда Ганиуллина мечит алдында ачык кийимде чыгыш бийин бийлеп, клипке тартылганы үчүн кечирим сурады. Бейшемби күнкү билдирүүсүндө ал эч кандай мыйзамды бузбаганын белгилеп, ошентсе да диний ишенимдеги кишилерден кечирим сурарын айтты.

19-сентябрда Резеда Ганиуллина Болгар шаарындагы Ак мечиттин алдында клипке тартылып, ачык кийимде чыгыш бийин аткарган. Бул жоругу диний үрп-адаттарды мазактоо катары сыпатталып, социалдык тармактарда талкуулана баштаган. Тергөө комитети ырчынын аракетинде “Дин тутунуу эркиндиктери боюнча укук бузуулар бар же жоктугун” иликтөөгө киришкен.

Болгар шаарындагы Ак мечит 2012-жылы курулган. Анда дүйнөдөгү эң чоң Куран китеби сакталат. Шаар аймагы ЮНЕСКОнун маданий мурастар тизмесине кирген.

XS
SM
MD
LG