Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:20

Москвадагы өрттө сегиз куткаруучу курман болду


Москвадагы гүл дүкөндүн кампасында чыккан өрттө Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин сегиз кызматкери курман болду. “Интерфакс” тараткан кабарга ылайык, "тилсиз жоо" 14 саатта өчүрүлдү.

Өрт пластик гүлдөр сакталган кампада 22-сентябрда кечке жуук башталган. Башында 250 чарчы метр жерди каптаган өрт көп өтпөй 4,5 миң чарчы метр жерге чейин жеткен. Аны өчүрүүгө 30 куткаруучу топ тартылган.

Кырсык электрдеги кыска туташуудан чыккандыгы божомолдонууда.

XS
SM
MD
LG