Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:34

Конгрессмен-демократтар Орусияны айыпташты


АКШдагы шайлоо өнөктүгү.
АКШдагы шайлоо өнөктүгү.

Конгресстин чалгындоо комитетиндеги демократтар Орусияны хакерлер аркылуу АКШдагы президенттик шайлоого таасир этүүгө аракеттенүүдө деп айыпташты. Демократтар президент Владимир Путинди мындай иштерди токтотууга буйрук берүүгө чакырышты.

Сенатор Дайан Фейнштейн жана Өкүлдөр палатасынын мүчөсү Адам Шифф жасаган билдирүүдө "чогултулган маалыматтарга таянып, орусиялык чалгындоо агенттиктери АКШдагы шайлоого конкреттүү жана олуттуу таасир тийгизүүгө аракет көрүп жатышат деген бүтүмгө келдик,- деп айтылат.- Андай аракеттер кеминде шайлоонун коопсуздугу боюнча күмөн саноолорду пайда кылууну, бул аркылуу шайлоонун жыйынтыгына таасир этүүнү көздөйт. Мунун башка түшүндүрмөсү жок".

Мыйзам чыгаруучулар “чалгынчылар андай аракеттерди жүргүзүү заказын орус өкмөтүндөгү эң жогорку жетекчилерден гана алышы мүмкүн” экендигин кошумчалашты.

XS
SM
MD
LG