Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:49

Путин Москвада Српска Республиканын президенти менен жолугушту


Владимир Путин Српска Республикасынын президенти Милорад Додик менен жолукту.
Владимир Путин Српска Республикасынын президенти Милорад Додик менен жолукту.

Орусиянын президенти Владимир Путин Српска Республикасынын президенти Милорад Додик менен Москвада кездешти. ТАССтын маалыматына караганда, лидерлер Балкандагы кырдаалды жана эки тараптуу кызматташтыкты талкуулашты. Додик сапарынын алдында Орусияда экономикалык жана башка тармактардагы алакалар сөз болорун айткан. Ал ошондой эле 25-сентябрга пландалган карама-каршылыктуу референдум тууралуу да кеп болорун кошумчалаган. Босния-Герцеговинанын курамындагы Српска Республикасынын жетекчилигинин рефрендум өткөрүү демилгеси өлкөдө чыңалууну күчөттү.

Добушка Српска Республикасынын улуттук күнүн 9-январда майрамдоо маселеси коюлууда. Ал күнү 1992-жылы жергиликтүү сербдер Босниядан бөлүнүүнү жарыялаган болчу. Ошондон көп узабай 100 миңден ашуун адамдын өмүрүн алып кеткен, миллиондогонун үй-жайсыз калтырган 3 жылдык согуш тутанган. Босния-Герцеговинанын конституциялык соту ал калган улуттарды дискриминациялоо болуп эсептелерин айтып, референдум мыйзамсыз деген чечимин чыгарган. Анын үстүнө ал күн православдардын Рождествосуна туш келүүдө. Додик өнөктүк сөзсүз өткөрүлөрүн айтты.

1995-жылы АКШ арачылык кылган тынчтык макулдашуусуна ылайык, Босния-Герцеговина эки субъектиге бөлүнгөн.

XS
SM
MD
LG