Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 17:10

Грузиянын мурдагы өкмөт башчысы соттолду


Грузиянын мурдагы премьер-министри Вано Мерабишвили.
Грузиянын мурдагы премьер-министри Вано Мерабишвили.

Грузиянын мурдагы премьер-министри Вано Мерабишвили дагы бир кылмышка айыпталып, 6 жарым жылга кесилди. Тбилиси шаарынын соту 22-сентябрда чыгарган өкүмгө ылайык, экс-премьер 2005-жылы депутат Валерий Гелашвилини сабоого буйрук берген. Аны менен кошо сыртынан соттолгон Ички иштер министрлигинин мурдагы эки кызматкери 9 жылга эркинен ажыратылды.

48 жаштагы Мерабишвили 2003-жылкы "Роза ыңкылабында" негизги фигуралардан болгон жана 7 жыл ички мекемени жетектеп келген. Мурдагы президент Михаил Саакашвилинин жакын санаалашы 2014-жылы бир нече иш боюнча соттолуп, ушу тапта жазасын өтөп жатат. Атап айтканда, ал кызматынан кыянат пайдалануу жана шайлоочуларга пара берүү үчүн күнөөлүү деп табылган.

Ал эми Украинанын Одесса облусунун губернатору Саакашвили башка иш боюнча тергөөгө алынган. Эки саясатчынын тарапкерлери алар азыркы өкмөт тарабынан саясий куугунтукка кабылды деп эсептешет. Июнда Адам укуктары боюнча Европа соту Грузия бийликтери Мерабишвилини башка себептерден улам камашканын айтып, муну Европа конвенциясын бузуу катары сыпаттаган.

XS
SM
MD
LG