Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:26

Текебаев: КТРК бир жактуу маалымат таратууда


КТРК жетекчиси Илим Карыпбеков.
КТРК жетекчиси Илим Карыпбеков.

Бул тууралуу "Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев бүгүн "Манас" эл аралык аэропортуна барган учурда журналисттерге билдирди. Ал өзүнүн кыймылсыз мүлктөрү боюнча КТРК каралаган, бир жактуу маалымат таратканын кошумчалады. Ошондой эле президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн жетекчиси Сапар Исаков менен кошуна жашай турганын, анын үйү чоң болгонуна карабай коомдук канал оппозицияга асылганды адатка айлантканын да белгиледи. Текебаев Мамлекеттик кадр кызматына президент Алмазбек Атамбаевдин, Икрам Илмиянов, Фарид Ниязов, Сапар Исаков жана Албек Ибраимовдун соңку он жыл ичиндеги декларациясын сурап кайрылганын жана аны алгандан кийин салыштырып, жыйынтыгын коомчулукка жарыялай турганын айтты:

- Сапар Исаков аянты 180 чарчы метр үйдө жашайт. Мен 120 чарчы метрде жашайм. Мен мамлекет түптөлгөндөн бери иштеп жүрөм. Ал Акаев менен Бакиевди жандап жүргөн. Эмне үчүн КТРК Исаковду да көрсөтүп койбойт. Ошондой эле президенттин жанындагылар да коңшу турат. Эмнеге аларды көрсөтүп койбойт. Бул жөн эле каралоо. Бишкекте 2 батирим жана курулуп бүтө элек үйүм бар. Орто-Сай-2де үй салып жаткам, курулушу 5 жылдан бери бүтө элек. Дагы 5 жылдан кийин бүтүп калат. Фрунзе жана Исанов көчөлөрүнүн кесилишинде 7 сотых жерде кеңсем жайгашкан. Ал Бакиев мезгилинде эле бар болчу, баары билет. Мен Атамбаевге окшоп алты айда 2 жарым гектарга үй бүтүргөн жокмун. Мындан тышкары туугандарымдын Чычкан капчыгайында чакан ГЭСи бар. Ал жакка чакырам барып көрөсүңөр. Баарын декларациямда көрсөткөм, - деди Текебаев.

22-сентябрда КТРКда Текебаевдин мүлктөрү жөнүндө көрсөтүү чыккан. Анда бир катар объектилери жубайына катталганы, көбү 2010-жылдан кийин алынганы айтылат. Текебаев бул көрсөтүүнү ачык каралоо катары сыпаттоодо. КТРКнын башкы директору Илим Карыпбеков бир тараптуу каралоо жоктугун билдирүүдө. (NT)

XS
SM
MD
LG