Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 20:43

Yahoo: интернет пайдалануучулардын маалыматтары уурдалды


Yahoo интернет корпорациясы “мамлекет каржылаган” хакерлер жарым миллиард колдонуучу тууралуу маалыматтарды уурдашканын билдирди. Бирок кайсы мамлекет тууралуу сөз жүргөнү белгисиз.

Компания 2014-жылдан бери электрондук почтанын сыр сөзүн алмаштырбагандарга аны шашылыш алмаштыруу кеңешин берет. Бейшембиде Yahoo ошол жылы кайсы бир хакерлер кардарлардын аты-жөнү, электрондук почтанын даректери, телефон номерлери, туулган күндөрү, корголбогон сыр сөздөр кирген маалыматтарды уурдап алышканын айткан.

АКШнын Федералдык иликтөө бюросу – ФБР бул ишти териштирип жатканын бышыктады. Ыктымал кибер чабуул жөнүндөгү алгачкы кабарлар август айында эле пайда болгон. Ошондо өзүн Peace деп атаган хакер Yahoo компаниясынын 200 миллиондой пайдалануучусу тууралуу маалымат сатууга аракеттенген.

XS
SM
MD
LG