Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:12

Гиря спорту боюнча өлкө чемпиондугу өтүүдө


Чемпиондуктун катышуучулары. 24-сентябрь, 2016-жана. Бишкек.
Чемпиондуктун катышуучулары. 24-сентябрь, 2016-жана. Бишкек.

Бишкектеги Кожомкул атындагы спорт ортосунда гиря спорту боюнча Кыргызстандын ачык чемпиондугу өтүп жатат. Ага Кыргызстандын аймактарынан кыз-келиндер жана эркектерден куралган 12 команда жана Казакстан менен Өзбекстандан бирден команда келишкен. Жалпысынан мелдештерде 100дөн ашуун спортчу таймашууда.

Кыргызстан федерациясынын президенти Кубат Абдыраимовдун айтуусунда, спорттун бул түрү боюнча байгелер жаштар, чоңдор жана ардагерлер арасында ойнотулат.

Гиря спорту боюнча Кыргызстандын чемпиондугу быйыл сегизинчи жолу өтүп жатат. Чоңдор арасында мыкты аталгандар октябрь айында Казакстандын Ак-Төбө шаарында өтө турган дүйнө чемпиондугуна катышууга жолдомо алышат. (ECh)

XS
SM
MD
LG