28-сентябрда Кыргызстанда “Жаштар парламенти-2016” долбоору башталат. Анын алкагында жаштар Жогорку Кеңештин ишмердигин көрүп, депутаттар менен өлкөнүн саясий, экономикалык жана социалдык багытындагы маселелерди талкуулашат. Долбоор алты айга созулуп, алты жумушчу сессия өткөрүлөт.
“Демократияны колдоо фонду” уюштурган “Жаштар парламенти” долбоору Кыргызстанда 2011-жылдан бери иштеп келет.