Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:50

Босниялык сербдер референдумду колдошту


Босния-Герцеговина.
Босния-Герцеговина.

25-сентябрдагы референдумда босниялык сербдер 9-январды мамлекеттүүлүктүн күнү деп таанышты.

Босния-Герцеговинанын автономдук аймагы – Спрска Республикасынын расмийлери жарыялагандай, добуш берүүчүлөрдүн 99,8 пайызы бул майрамды колдошкон. Расмий Сараевонун тыюу салуусуна карабастан, референдумга калктын 60 пайыздайы катышкан.

Сараеводогу Конституциялык сот 9-январды майрам катары белгилөө өлкөдөгү мусулмандарды жана католик хорваттарды басмырлайт деген чечимге келген.

Спрсканын улутчул президенти Милорад Додик референдум - сербдер чечкиндүүлүк көрсөткөн күн катары тарыхта калат деди.

9-январь православ христиандарынын майрамы. Ошондой эле, 1992-жылы бул күнү босниялык сербдер Босниядан көз карандысыздыгын жарыялап, натыйжада үч жылдык улут аралык согуш тутанган.

XS
SM
MD
LG