Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:13

Түркияда аскердик автобус жардырылды


Түркия.
Түркия.

Андан коопсуздук кызматтын он кызматкери каза таап, сегизи жаракат алганы кабарланды. Маалыматка караганда, жардыруу күрттөр көп отурукташкан Дерык жана Кызылтепе шаарларынын ортосундагы трассада 26-сентябрда болгон. Азырынча бул үчүн эч ким жоопкерчилик ала элек. Бийлик Күрт жумушчу партиясын айыптоодо.

Былтыр тынчтык келишими бузулгандан кийин күрт согушкерлери менен түрк аскерлеринин ортосунда кагылышуулар кайра башталган. Ошондон бери Түркия күчтөрүнүн 600дөн ашык өкүлү жана миңдеген күрттөр каза тапты. Ал эми каршылашуу башталган 1984-жылдан бери 40 миң адамдын өмүрү кыйылды. 15 миллион калктуу күрттөр Түркиядан өз алдынча болуу үчүн күрөшүп келишет.

XS
SM
MD
LG