Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Январь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 19:30

Баткенде өрүк сатуу боюнча форум өтүүдө


Өрүк.
Өрүк.

USAIDдин Агрогоризонт долбоору Баткен шаарында өрүк өндүрүүчү багбан-фермерлер менен сатып алуучуларды жолугуштурган форумун уюштурду. Иш-чарага аймакта өрүк өндүргөн багбандар менен Тажикстандан сатып алуучу ишкерлер катышып, аймак калкынын негизги кирешеси болгон өрүктү канткенде кыйынчылыктарсыз сатууга жетишүү, кайра иштетүү, алыскы чет өлкөлөргө түз алып чыгуу тууралуу сунуштар айтылды. Багбандар өрүктү сатуудагы көйгөйлөрдү чечүү үчүн кайра иштетүүчү ишканалар зарыл экенин, майда соодадан биргелешип ири келишимдерге жетишүүнү колдоону айтышты.

Баткен облусунда 10миң гектардан ашык жерде өрүк бактары бар. Жылдык орточо киреше 7 млрд сомдун айланасында деп айтылып келет.(JsA)

XS
SM
MD
LG