Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:47

Түркияда 141 чалгын кызматкери иштен айдалды


Түркия.
Түркия.

Алардын 87си диний аалым Фетхуллах Гүлен менен байланышы бар деген негизде жумуштан кеткен. Түркиянын өкмөттүк маалымат булактарынын билдиришинче, кызматтан алынган улуттук чалгын мекемесинин 52 өкүлүнө кылмыш иши козголду. Түркияда 16-июлдагы ишке ашпай калган төңкөрүш аракетинен кийин президент Режеп Тайып Эрдогандын чечими менен иштен алынган полиция, аскер жана мамлекеттик кызматкерлердин саны жүз миңден ашты.

Түрк бийлиги АКШда жашаган Гүленди экстрадициялоо боюнча Вашингтонго расмий кайрылган. АКШ анын төңкөрүш аракетине катышы бардыгы боюнча далилдерди талап кылууда. Диний аалым Фетхуллах Гүлен 1999-жылдан бери Пенсильвания штатында жашайт. Ал июлдагы окуяларгы тиешеси жоктугун билдирип, муну атайлап уюштурган болушу мүмкүн деп кайра түрк бийлигин айыптап келет.

XS
SM
MD
LG