Кыргызстандык режиссерлор Бакыт Мукул жана Дастан Жапар уулу тарткан “Атанын керээзи” тасмасы Оскар сыйлыгынын “Мыкты чет элдик кино” номинациясы үчүн ат салышат. Кыргызстандык тасма Оскар талапкерлеринин тизмесине 27-сентябрда киргизилген. Бул тууралуу тасманын продюсерлеринин бири Талант Төлөбеков “Азаттыкка” билдирди.
Азырынча бул номинацияга дүйнөнүн 87 өлкөсүнөн фильмдер катышууда. Тасмаларды тандоо 3-октябрда жыйынтыкталат.
Оскар сыйлыгынын англис эмес тилдеги тасмалар үчүн “Чет тилдеги тасмалар” номинациясы 1956-жылы түптөлгөн. Оскардын чет тилдеги тасмалар комитети келип түшкөн бардык фильмдерди көрүп, анын ичинен номинация талаптарына жооп берүүчү тасмаларды тандап, бир айдан кийин жарыя кылат.
2017-жылдын 17-январында “Чет тилдеги тасмалар” номинациясы үчүн ат салышкан 10 фильмдин тизмеси илинет, 24-январда алардын ичинен тандалып алынган 5 фильм жарыяланат. Ал эми булардын ичинен жеңүүчү деп табылган фильм 26-февралда Оскар сыйлыгын алат.(ECh;ZKo)
"Атанын керээзи" тасмасынын трейлери.