Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:27

Интернеттин баасы арзандайт


Астана.
Астана.

Интернет баасы арзандап, ылдамдыгы да мурдагы калыбына келтирилет. Бул боюнча Астанада болгон жолугушууда казакстандык жана кыргызстандык провайдерлер сырткы интернет булактары үчүн бааны дагы карап көрмөй болушту. Казак тарап менен сүйлөшүүгө Монополияга каршы күрөшүү агенттигинен өкүлдөр катышкан. Аталган агенттиктен “Азаттыкка” маалымдашкандай, эми кыргызстандык байланыш операторлору бааларды төмөндөтүү боюнча казак провайдерлери менен сүйлөшүүсү тийиш.

10-сентябрдан тарта Казакстандын провайдерлери Кыргызстанга берилүүчү интернет баасын үч эсеге чейин кымбаттаткан. Ошондон бери кыргызстандык байланыш операторлору интернеттин ылдамдыгын азайтышкан болчу.(ZKo)

XS
SM
MD
LG