Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:04

Орусия учак кырсыгы боюнча эл аралык иликтөөнүн жыйынтыгын сындады


Эл аралык комиссиянын корутундусун жарыялаган жыйын, 28-сентябрь, 2016-жыл.
Эл аралык комиссиянын корутундусун жарыялаган жыйын, 28-сентябрь, 2016-жыл.

Расмий Москва малайзиялык учак Орусиядан жашыруун алып келинген ракета менен атып түшүрүлгөн деген эл аралык тергөө тобунун тыянагына нааразылык билдирди. Орус тышкы иштер министрлигинин өкүлү Мария Захарова "өз алдынча күнөөлүү тарапты аныктап, каалагандай бүтүмдү ойлоп табууну көндүм адатка айлантты" деп Батышты айыптады:

- Аба кырсыгынын чоо-жайын иликтеген голландиялык прокуратуранын корутундусу тергөө саясий мүнөздү көздөгөнүн көрсөттү, - деп айтты Захарова.

Анын болжолунда, Украинага далилдерди бурмалоого мүмкүндүк берилген.

28-сентябрда малайзиялык учак "Бук" зениттик-ракета менен Москва колдогон жикчилдер көзөмөлдөгөн аймактан атылганын, ал курал Орусиянын аймагынан жашырын алынып келингенин, аткандан кийин кайра чыгарылып кеткенин Голландиянын башкы прокурору жана Эл аралык тергөө тобунун башчысы Фред Вестербеке жарыялаган.

Амстердам-Куала-Лумпур багытындагы ​MH17 учагы 2014-жылы 17-июлда Украинанын аба мейкиндигинде кыйраган. Анын ичиндеги 298 адамдын баары набыт болгон. ​Орусия жикчилдерге ракета берди деген айыптоолор менен макул болбой, учакты Украина күчтөрү атып түшүрдү деп айтып келатат.

XS
SM
MD
LG