АКШ мамлекеттик катчысы Жон Керри Башар Асаддын бийлиги Алепподо согуштук аракеттерин токтотпосо, Орусия менен Сирия боюнча кызматташтык токтолорун эскертти. Бул тууралуу ал 28-сентябрда орус тышкы иштер министри Сергей Лавров менен телефон аркылуу сүйлөшкөндө билдирди.
АКШ мамлекеттик департаментинин маалымат катчысы Жон Керринин айтуусунда, өз кезегинде Лавров Вашингтонду Сириядадагы оппозициялык жана террордук топторду бири-биринен ажыратып, бөлүү боюнча милдетин аткарууга чакырган.
Москва Вашингтондун ортомчулугу менен 12-сентябрда түзүлгөн тынчтык режими бир жумадан кийин бузулуп, ошондон кийин Алепподо абал курчуп кетти.