Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:29

Жалал-Абадда био азыктардын жарманкеси өтүүдө


Жарманкеге облустун түрдүү аймактарынан келген фермерлер өздөрүнүн органикалык жол менен өндүргөн продукцияларын коюуда. Анда дан азыктары, мөмө жана жер жемиштерден тартып жашылчалар да бар. Иш чара “Био сервис” кооперативи тарабынан уюшулуп, катышуучуларга “Био пахта” долбоору тууралуу тажрыйба алмашууга мүмкүнчүлүк жаратууда. Быйылкы жылы дыйкандар органикалык ыкмада 1,5 миң тонна пахта, 2 миң тоннага жакын жашылча жана 3 миң тоннага жакын дан өсүмдүктөрүн жыйнашты.

“Био пахта” долбоору Кыргызстанда 2003-жылдан тартып Щвейцария өкмөтүнүн жана Хельветас уюмунун каржылоосунда ишке ашып келет. (RsK)

XS
SM
MD
LG