Бул тууралуу Жогорку Кеңештин “Ата Мекен” фракциясынын депутаты Аида Салянова парламенттин жыйынында билдирди. Анын айтымында, учурдагы Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча референдум өткөрүүнү 300 миң жаран сунуштай алаары көрсөтүлгөн. Салянова бирок учурда мындай норма аткарылбай, мыйзамдар бузулуп жатканын эскертти.
Аида Салянованын суроосуна мыйзам долбоору боюнча баяндама жасап жаткан “Кыргызстан” фракциясынын лидери Канат Исаев ынанымдуу жооп бере алган жок.
Ал эми Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбеков бул мыйзам боюнча талаштар болгонун, бирок “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин сунушу боюнча эки жыл мурун киргизилгенин айтып жооп берди.
Ага Аида Салянова каршылык билдирип, мыйзамда көрсөтүлбөгөн нерсени “Өмүрбек Текебаев ушундай айткан” деп аргумент келтирүү жана парламентке алып чыгуу туура эместигин белгиледи. (BkA)